ӨТӨ ЗАРЫЛДЫКТЫН ЧЕГИНЕН ЧЫГУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча келтирилген коркунучтун жана коркунуч жоюлган шарттардын мүнөзүнө жана деңгээлине ачык туура келбеген, көрсөтүлгөн кызыкчылыктарга тете же болтурбай койгон залалдардан да арбын залалдарды келтирүү. Ө. з. ч. ч. атайылап залал келтирилген учурларда кылмыш-жаза жоопкерчилигине кириптер кылат.